1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Барскоон айыл өкмөтүнүн аймагында улуу муундун өкүлдөрүнө арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулду.
Барскоон маданият үйүндө Барскоон, Тамга жана айылдарынан келген кадырлуу карыялар, ардагерлер жана улуу муундун өкүлдөрүнүн катышуусунда майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн башчысы, жооптуу катчысы жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү карыяларды майрамы менен куттуктап, улуу муундун айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын, жаш муундарга берген таалим-тарбиясын жана турмуштук бай тажрыйбасын белгилешти. Ошондой эле Барскоон айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин атынан чакан белектер тапшырылды.
Майрамдык маанайды коштогон «Барскоон айымдары» шайыр апалар тобу тарабынан концерттик программа тартууланып, карыяларга жагымдуу маанай тартууланды.
Мындан тышкары, Тосор айылында да Эл аралык карылар күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулуп, айылдын кадырлуу карыяларына сый көрсөтүлүп, сый тамак берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө улуу муундун өкүлдөрүнө жылуу каалоо-тилектер айтылып, алардын коомдогу орду жана эмгеги жогору бааланды.
Барскоон айыл өкмөтү жалпы улуу муундун өкүлдөрүн Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана үй-бүлөлүк ынтымак каалайт!
Карысы бардын — ырысы бар!











