Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орунуна дайындоо үчүн кадрлардын резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.
Конкурс төмөнкү кызмат орду үчүн өткөрүлөт:
Улук администратор – Финансы-экономикалык жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы.
🔹 Квалификациялык талаптар
1) Кесиптик билим деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим.
2) Иш стажы жана тажрыйба:
— жалпы 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы;
же
— тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) Кесиптик компетенттүүлүк
Билүүсү керек:
— Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары;
— «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамы;
— «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы.
Билгичтиги:
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу, жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана эл аралык тажрыйбаны практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— жаңы иш шарттарына тез ыңгайлашуу.
Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө;
— ишти пландаштыруу жана убакытты туура бөлүштүрүү;
— башкаруучулук ченемдерди ыкчам аткаруу;
— компьютердик жана уюштуруучу техника, керектүү программаларды колдоно билүү.
🔹 Конкурска катышуу үчүн тапшырылуучу документтер:
- Өзүнүн арызы
- Кадрларды эсепке алуу баракчасы
- Сүрөт (4×6)
- Негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү
- Эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмө)
- Соттолбогондугу тууралуу маалымдама
- Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт)
🔹 Документтерди тапшыруу мөөнөтү:
2025-жылдын 19-ноябрына чейин, акыркы күнү саат 17:00гө чейин.
Документтер Барскоон айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.
🔹 Байланыш телефондору:
📞 (03946) 26-145
📞 0507 77 55 78