2025-жылдын 02-апрелинде Барскоон айылында жаңы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имараты расмий түрдө ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору О. Ж. Урманбетов, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Б. Ж. Жетигенов, Ысык-Көл ОИИБнин башчысы Мурат Боронов, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. И. Бахавадинов, ошондой эле ардагерлер, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.



Жаңы имараттын ачылышы милиция кызматкерлерине заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана калк менен натыйжалуу иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Ички иштер министринин орун басары О. Урманбетов өз сөзүндө мындай деп белгиледи:
“Бул бөлүмчөнүн ачылышы милиция менен элдин кызматташтыгын жакындатуу болуп саналат. Айыл эли маселелерин тез чечип алууга шарт түзүлөт.”
Жаңы милиция бөлүмчөсү аймактын коопсуздугун күчөтүп, калкка тейлөөнү сапаттуу жана ыкчам жүргүзүүгө багытталган маанилүү объект болуп калды.