Логотип портала Тундук

Түндүк мамлекеттик электрондук кызматтар порталы

Өкмөттүк кызматтарга онлайн жетүү

1-Октябрь – Карылар күнү белгиленип өттү

1-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк карылар күнү катары дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда да кеңири белгиленип келет. Ушул маанилүү күнгө карата Барскоон айыл аймагына караштуу Барскоон жана Тосор айылдарында ардактуу карыяларга арналган өзгөчө иш-чара уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чарада улуу муун өкүлдөрү үчүн концерттик программа тартууланып, жергиликтүү ырчылар жана маданий кызматкерлер патриоттук жана нукура улуттук ырларды аткарышты. Айыл өкмөтү тарабынан ардагерлерге белектер тапшырылып, алардын көңүлүн көтөрүп, жылуу маанай тартуулоо аракеттери көрүлдү.

Майрамдык иш-чарада төмөнкү коноктор катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты:

  • Э. Бахавадинов – райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким
  • А. Султаналиев – райондук карыялар кеңешинин төрагасы
  • Г. Чыныбаева – аялдар кеңешинин төрайымы
  • Ж. Бектемирова – акимдин орун басары
  • Ч. Ажыбеков – жергиликтүү кеңештин төрагасы
  • А. Калыков – Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы

Сөз сүйлөгөн коноктор карыларга болгон мамилени жогорулатуу, алардын жашоосун жеңилдетүүгө багытталган иштер боюнча маалымат берип, ардагерлерге чын дилден куттуктоолорун жолдошту.

Иш-чаранын соңунда карыялар үчүн сый-тамак уюштурулуп, улуу муун өкүлдөрү баарлашып, эскерүүлөрдү айтып, жылуу тилектер менен майрамдык күн соңуна чыкты.

Facebook
WhatsApp
Email

Байланыштуу посттор

576084988 859479549801121 8163224879927342738 n

Махмуд Кашкари Барсканинин айкелинин ачылышы жана Күз майрамы – Барскоон айылында өттү

01/11/2025

2025-жылдын 1-ноябрында Барскоон айылында улуу ойчул жана түрк дүйнөсүнүн залкар окумуштуусу Махмуд Кашкари Барсканинин айкелинин ачылышы жана салттуу Күз майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
жаны алынган техника

Айыл аймагына жаңы комбайн жана ассенизатор алып келинди

01/09/2025

Айылыбызга жаңы заманбап комбайн жана ассенизатор машинасы алынып келди. Бул техника айыл чарба жана коммуналдык иштерди тез жана сапаттуу жүргүзүүгө чоң жардам берет.