Логотип портала Тундук

Түндүк мамлекеттик электрондук кызматтар порталы

Өкмөттүк кызматтарга онлайн жетүү

Махмуд Кашкари Барсканинин айкелинин ачылышы жана Күз майрамы – Барскоон айылында өттү

Улуу ойчул, түрк дүйнөсүнө белгилүү окумуштуу Махмуд Кашкари Барсканинин айкелин ачуу жана Күз майрамы 2025-жылдын 1-ноябрында Барскоон айылында өткөрүлдү.

Бул иш-чара улуу бабабыз, түрк дүйнөсүнүн залкар окумуштуусу, “Түрк тилдеринин сөздүгүнүн” (“Диван лугат ат-түрк”) автору Махмуд Кашкари Барсканинин ысмын урматтоо, анын руханий жана илимий мурастарын кийинки муундарга даңазалоо, түрк элдеринин биримдигин чыңдоо жана эл аралык достук мамилени бекемдөө максатында уюштурулду.

Махмуд Кашкари Барсканинин айкелин тургузуу демилгесин жергиликтүү эл, коомчулуктун өкүлдөрү жана айыл өкмөтү көтөрүп, аны ишке ашыруу иштерине Түркия Республикасынын Багджылар муниципалитети колдоо көрсөткөн. Айкел ошол колдоонун негизинде жасалып, 2025-жылдын 1-ноябрь күнү Барскоон айылында салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чарага Түркия Республикасынан келген делегаттар, маданий жана илимий өкүлдөр; Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Жети-Өгүз райондук администрациясынын жетекчилиги; Бишкек шаарынан келген профессорлор жана изилдөөчүлөр; Жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү; айыл тургундары жана жаштар катышты.

Салтанат учурунда Махмуд Кашкаринин илимий жана маданий мурастары тууралуу баяндамалар айтылып, чыгармалары боюнча илимий конференция уюштурулду. Маданий программада ыр-бий номерлери, улуттук күүлөр жана чыгармалар тартууланды.

Айкелдин ачылышынан кийин Күз майрамы өткөрүлүп, анда дыйкандар жана айыл тургундары өздөрүнүн жылдык эмгегинин жемиштерин көрсөтүштү. Айыл чарба продукциялары, кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулду. Элдик оюн-зоок, спорттук иш-чаралар, концерттик номерлер, мектеп окуучуларынын жана маданият үйүнүн чыгармачыл программалары көрсөтүлдү.

Махмуд Кашкаринин айкелинин ачылышы жана Күз майрамы Барскоон айылы үчүн тарыхый жана маданий мааниге ээ окуя болду. Бул иш-чара Кыргызстан менен Түркия элинин ортосундагы достуктун, боордоштуктун жана маданий байланышын дагы да бекемдеген символ катары өттү.

Барскоон айыл өкмөтүнүн атынан терең ыраазычылык билдиребиз:

  • Айкелди жасоого жана тартуулоого салым кошкон түрк боордошторубузга,
  • Иш-чарага катышкан облустук, райондук, борбор калаадан келген конокторго,
  • Жергиликтүү кеңешке, коомчулукка, уюштуруучуларга жана айыл тургундарына.

Бул салтанат — элдин тилегинин, боордош элдердин ынтымагынын жана руханий биримдигинин жаркын далили болду.

Facebook
WhatsApp
Email

Байланыштуу посттор

Карыяларды сыйлоо

1-Октябрь – Карылар күнү белгиленип өттү

01/10/2025

Барскоон жана Тосор айылдарында 1-Октябрь – Бүткүл дүйнөлүк карылар күнү белгиленип, ардактуу аксакалдарга сый-урмат көрсөтүлгөн салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
жаны алынган техника

Айыл аймагына жаңы комбайн жана ассенизатор алып келинди

01/09/2025

Айылыбызга жаңы заманбап комбайн жана ассенизатор машинасы алынып келди. Бул техника айыл чарба жана коммуналдык иштерди тез жана сапаттуу жүргүзүүгө чоң жардам берет.