Логотип портала Тундук

Түндүк мамлекеттик электрондук кызматтар порталы

Өкмөттүк кызматтарга онлайн жетүү

Айыл аймагына жаңы комбайн жана ассенизатор алып келинди

Айыл өкмөтү сиздер менен кубанычтуу жаңылыкты бөлүшөт – айылыбызга жаңы заманбап комбайн жана ассенизатор машинасы алынып келди!

Бул техника айыл чарба иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүгө чоң өбөлгө түзөт. Учурда күзгү оруп-жыйноо мезгили башталып, жаңы комбайн толук кубатында ишке кирди. Бул айыл чарба жерлерин өз убагында жана натыйжалуу түшүм жыйноого мүмкүндүк берет.

Ассенизатор машинасы болсо айылдын санитардык-экологиялык коопсуздугун жакшыртууга багытталып, коммуналдык кызматтарга чоң жардам көрсөтөт.
Айыл тургундары үчүн бул техника — жөнгө салынган кызмат, ыкчамдык жана сапат дегенди билдирет.

Айыл өкмөтү мындан ары да материалдык-техникалык базаны жакшыртууну уланта берет.

Facebook
WhatsApp
Email

Байланыштуу посттор

576084988 859479549801121 8163224879927342738 n

Махмуд Кашкари Барсканинин айкелинин ачылышы жана Күз майрамы – Барскоон айылында өттү

01/11/2025

2025-жылдын 1-ноябрында Барскоон айылында улуу ойчул жана түрк дүйнөсүнүн залкар окумуштуусу Махмуд Кашкари Барсканинин айкелинин ачылышы жана салттуу Күз майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Карыяларды сыйлоо

1-Октябрь – Карылар күнү белгиленип өттү

01/10/2025

Барскоон жана Тосор айылдарында 1-Октябрь – Бүткүл дүйнөлүк карылар күнү белгиленип, ардактуу аксакалдарга сый-урмат көрсөтүлгөн салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.