Махмуд Кашкари Барсканинин айкелинин ачылышы жана Күз майрамы – Барскоон айылында өттү

576084988 859479549801121 8163224879927342738 n

Улуу ойчул, түрк дүйнөсүнө белгилүү окумуштуу Махмуд Кашкари Барсканинин айкелин ачуу жана Күз майрамы 2025-жылдын 1-ноябрында Барскоон айылында өткөрүлдү. Бул иш-чара улуу бабабыз, түрк дүйнөсүнүн залкар окумуштуусу, “Түрк тилдеринин сөздүгүнүн” (“Диван лугат ат-түрк”) автору Махмуд Кашкари Барсканинин ысмын урматтоо, анын руханий жана илимий мурастарын кийинки муундарга даңазалоо, түрк элдеринин биримдигин чыңдоо жана эл аралык достук […]

1-Октябрь – Карылар күнү белгиленип өттү

Карыяларды сыйлоо

1-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк карылар күнү катары дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда да кеңири белгиленип келет. Ушул маанилүү күнгө карата Барскоон айыл аймагына караштуу Барскоон жана Тосор айылдарында ардактуу карыяларга арналган өзгөчө иш-чара уюштурулду. Салтанаттуу иш-чарада улуу муун өкүлдөрү үчүн концерттик программа тартууланып, жергиликтүү ырчылар жана маданий кызматкерлер патриоттук жана нукура улуттук ырларды аткарышты. Айыл өкмөтү […]

Айыл аймагына жаңы комбайн жана ассенизатор алып келинди

жаны алынган техника

Айыл өкмөтү сиздер менен кубанычтуу жаңылыкты бөлүшөт – айылыбызга жаңы заманбап комбайн жана ассенизатор машинасы алынып келди! Бул техника айыл чарба иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүгө чоң өбөлгө түзөт. Учурда күзгү оруп-жыйноо мезгили башталып, жаңы комбайн толук кубатында ишке кирди. Бул айыл чарба жерлерин өз убагында жана натыйжалуу түшүм жыйноого мүмкүндүк берет. Ассенизатор машинасы болсо […]