Урматтуу айыл тургундары!
Айылыбыздын көркү жана тазалыгы – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Ошондуктан, айыл өкмөтү тарабынан тазалык ишембилик жарыяланат.
Ар бир үй-бүлө өзүнүн короосун жана үйүнүн айланасын тазалап, куурайларды чаап, таштандыларды чогултуп чыгарууну өтүнөбүз. Бул иш-чара айылдын кооздугуна, таза абага жана ден соолукка түздөн-түз таасир этет.


Мындан тышкары, көчөгө шагыл, кум төгүп алган жана короо-жайында куурай өсүп, тазалыкка көңүл бурбаган тургундарга Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-, 2- жана 3-пункттары боюнча айып пул салынарын эскертебиз.
Сиздерди ынтымакта болуп, айылдын өнүгүүсүнө жана тазалыгына өз салымыңызды кошууга чакырабыз!
Барскоон айыл өкмөтү