Айыл аймагында тазалык ишембилиги жарыяланат

Урматтуу айыл тургундары! Айылыбыздын көркү жана тазалыгы – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Ошондуктан, айыл өкмөтү тарабынан тазалык ишембилик жарыяланат. Ар бир үй-бүлө өзүнүн короосун жана үйүнүн айланасын тазалап, куурайларды чаап, таштандыларды чогултуп чыгарууну өтүнөбүз. Бул иш-чара айылдын кооздугуна, таза абага жана ден соолукка түздөн-түз таасир этет. Мындан тышкары, көчөгө шагыл, кум төгүп алган жана короо-жайында куурай […]
21-августта жалпы ишембилик өткөрүлө

Урматтуу айыл тургундары! Бүгүн, 21-августта, айылыбыздагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жалпы ишембиликке чыгышат.Ар бирибиз жардамга чыгып, өз айылыбыздын тазалыгына кам көрүп, айлана-чөйрөбүздү көрктөндүрүүгө салым кошууга чакырабыз. Ынтымак менен жасаган ишибиз — айылыбыздын көркүн ачат!Ишембиликке активдүү катышып коюуңуздарды суранабыз.
0,75 га жер аянтын айыл чарба багытында ижарага берүү боюнча сынак жарыяланды

Барскоон айыл өкмөтү Тамга айылынын жерди колдонуу картасынын №1276 контурундагы курулуш аянтындагы 0,75 га жер аянтын айыл чарба багытында пайдаланууга (айыл чарба курулушун куруу) ижарага берүү үчүн сынак жарыялайт. Талапкерлерден документтер 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. 📌 Документтерди кабыл алуу жайы:Барскоон айыл өкмөтүнүн кеңсесиДареги: Барскоон айылы, УМАлев көчөсү №15 📞 Байланыш маалыматтары:03946 2-64-460702 13-57-67