Айыл өкмөтү сиздер менен кубанычтуу жаңылыкты бөлүшөт – айылыбызга жаңы заманбап комбайн жана ассенизатор машинасы алынып келди!

Бул техника айыл чарба иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүгө чоң өбөлгө түзөт. Айыл чарбасы үчүн эң маанилүү күзгү оруп-жыйноо иштери башталып, жаңы комбайн азыркы учурда толук кубатында иштеп жатат. Бул түшүм жыйноонун убактысында жана сапаттуу жүргүзүлүшүнө чоң таасир берет.

Ассенизатор машинасынын алынышы болсо айылдагы санитардык-экологиялык абалды жакшыртууга, коммуналдык кызматтарды тез жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт.

Айыл өкмөтү материалдык-техникалык базаны жакшыртууну улантып, эл үчүн зарыл болгон техникаларды камсыздоо багытында иш алып барууну улантат.