Барскоон айыл аймагы • География жана демография
Барскоон айыл аймагынын географиялык жайгашуусу жана демографиясы
Бул бөлүмдө Барскоон айыл аймагынын географиялык өзгөчөлүктөрү жана калктын курамы боюнча негизги маалыматтар берилет. Маалыматтар 2025-жылга карата айыл аймагынын паспортуна ылайык системалаштырылган.
Булак: Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024–2025-жылдар үчүн айыл паспорту.
Географиялык абалы
Барскоон айыл аймагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун түштүк зонасында жайгашкан. Айыл аймактын территориясы тоолуу жана жарым-жайыттуу аймак болуп, негизги чарба багыттары – дыйканчылык, мал чарбачылык жана багбанчылык.
Аймактын аянты
152 184 га
Жайыттар
20 000 га чамасында
Айдоо жерлер
3 123 га
Көп жылдык бактар
309 га
- Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги: 1 750–1 800 м.
- Район борбору Кызыл-Сууга чейинки аралык: 45 км.
- Областтык борборго (Каракол ш.) чейинки аралык: 100 км.
- Республикалык борборго (Бишкек ш.) чейинки аралык: болжол менен 350 км.
Жайыттуу аймак
Тоолуу зона
Айыл чарба багыты
Демографиялык көрсөткүчтөр
Барскоон айыл аймагына жалпы жети айыл жана кыштактар кирет. Калктын негизги бөлүгүн кыргыздар түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт.
Калк
15 507 адам
Кожолуктар
3 483 кожолук
Айылдар боюнча калктын саны (01.01.2025-ж.)
| Айылдын аты | Калкы (адам) | Кожолуктар |
|---|---|---|
| Тамга | 3 751 | 1 105 |
| Тосор | 2 736 | 670 |
| Барскоон | 8 887 | 1 685 |
| Караколка | 21 | 21 |
| Сөөк | 2 | 2 |
| Кара-Сай | 53 | 22 |
| Баары болуп | 15 507 | 3 483 |
Улуттук курамы (айыл паспорту боюнча)
- Кыргыздар – 15 038 адам;
- Орус улуту – 332 адам;
- Узбек, дунган, уйгур, татар, казак, украин жана башка улуттар – жалпысы 200гө жакын адам.
Көп улуттуу коом
Негизги улут – кыргыздар
Эскертүү: цифралар айыл аймагынын 2024–2025-жылдарга карата расмий айыл паспортундагы
маалыматтардын негизинде берилген. Зарыл учурда кийинки жылдардагы статистикага жараша
жаңыртылып турат.