Барскоон айылында таштанды чыгаруучу атайын техникасын тапшыруу иш чарасы болуп өттү.
Барскоон айылында таштанды чыгаруучу атайын техникасын тапшыруу иш чарасы болуп өттү. Салтанаттуу иш чарага Кумтор компаниясынын президенти А.Барыктабасов жана өкүлчүлүктөр, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Далиев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Бахавадинов жана о.э. мекеме ишкана жетекчилери келип куттуктто сөздөрүн айтышып, элибизге ынтымак каалашты.
Барскоон элинин өздүк салым катары чогулткан 668 000 (алты жүз алтымыш сегиз миң)сом акча каражатына Кумтор компаниясынан 3 000 000 (үч миллион) сом салым кошуп, таштанды чыгаруучу атайын техникасын алып беришти.
Жалпы элибиздин атынан Кумтор ишканасынын жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз!
Бүгүнкү күнү таштанды маселеси чоң көйгөйгө айланууда. Анткени уруксаты жок көп жерлерде таштанды төгүлүп, ал күндөн күнгө чогулуп, көбөйүп бара жатат. Таштанды бир гана жерди булгабастан, тегерек-четин кошо булгайт, аны мал-жандык жейт, оору көбөйөт. Андыктан ар бирибиз карап турбастан тазалык үчүн аракет кылалы.



