Бул иш-чара улуу бабабыз, түрк дүйнөсүнүн залкар окумуштуусу, “Түрк тилдеринин сөздүгүнүн” (“Диван лугат ат-түрк”) автору Махмуд Кашкари Барсканинин ысмын урматтоо, анын руханий жана илимий мурастарын кийинки муундарга даңазалоо, түрк элдеринин биримдигин чыңдоо жана эл аралык достук мамилени бекемдөө максатында уюштурулду.Махмуд Кашкари Барсканинин айкел тургузуу демилгесин эл, коомчулуктун өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдары көтөрүшүп, аны ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлдү. Бул маанилүү демилгеге Түркия Республикасынын Багджылар муниципалитетинин колдоосу менен айкел жасалды. Айкелдин ачылыш аземи 2025-жылдын 1-ноябрь айында Барскоон айылында салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Иш-чарага Түркия Республикасынан келген делегаттар, маданий жана илимий өкүлдөр; Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн жана Жети-Өгүз райондук администрациясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү; Бишкек шаарынан келген профессорлор, изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү; Жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү; Айыл тургундары жана жаштар.Салтанат учурунда Махмуд Кашкаринин илимий жана маданий мурастары тууралуу баяндамалар жасалды, чыгармалары тууралуу илимий конференция уюштурулуп, өткөрүлдү. Маданий программада ыр-бий номерлери, улуттук күүлөр жана чыгармалар тартууланды.
Айкелдин ачылышына улай, Күз майрамы да жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө айылдын тургундары жана дыйкандары өздөрүнүн жылдык эмгегинин жемиштерин көрсөтүштү, айыл чарба продукциялары, кол өнөрчүлүк буюмдары жана улуттук тамак-аштардын жарманкеси уюштурулду. Элдик оюн-зоок, спорттук иш чаралар, концерттик программа, мектеп окуучуларынын жана маданият үйүнүн, айылдагы ар бир уруунун өкүлдөрү тарабынан чыгармачыл номерлери көрсөтүлдү. Махмуд Кашкаринин айкелинин ачылышы жана күз майрамы Барскоон айылы үчүн тарыхый жана маданий мааниге ээ окуя болуп калды.
Бул иш-чара Кыргызстан менен Түркия элинин ортосундагы достуктун, боордоштук мамиленин жана маданий байланышынын символу катары өттү.
Айыл өкмөтү тарабынан уюштуруучулук жана маданий иштер толук аткарылып, иш-чара жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүлдү.
Барскоон айыл өкмөтүнүн атынан:
Айкелди жасоого жана тартуулоого салым кошкон түрк боордошторубузга,
Иш-чарага катышкан облус, район, борбор калаа жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жергиликтүү кеңешке, бардык конокторго, уюштуруучуларга жана айыл тургундарына терең ыраазычылык билдиребиз.
Бул салтанат — элдин тилегинин, боордош элдердин ынтымагынын жана руханий биримдигинин жаркын далили болду.






























