You are currently viewing Барскоон айылында 2025-жылдын 02-апрелинде жаңы айылдык милиция бөлүмчөсү ачылды.

Барскоон айылында 2025-жылдын 02-апрелинде жаңы айылдык милиция бөлүмчөсү ачылды.

Барскоон айылында 2025-жылдын 02-апрелинде жаңы айылдык милиция бөлүмчөсү ачылды. Иш чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генрал майору О.Ж.Урманбетов, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Ж.Жетигенов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Э.И.Бахавадинов, ардагерлер, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
            Жаңы имараттын ачылышы милиция кызматкерлерине заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, алардын коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгүн дагы да натыйжалуу кылат. “Бул бөлүмчөнүн ачылышы милиция менен элдин кызматташтыгын жакындатуу болуп саналат, айыл эли маселелерин тез чечип алууга шарт түзүлөт”- деди О.Урманбетов.

Жооп калтыруу