You are currently viewing ТАРАПТАРДЫН БООРДОШТУК КЫЗМАТТАШУУСУ УЛАНУУДА

ТАРАПТАРДЫН БООРДОШТУК КЫЗМАТТАШУУСУ УЛАНУУДА

Өткөн 2024-жылы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадинов атайын делегация менен Түркия Республикасынын Истанбул шаарына иш сапары менен барып, аталган шаардын Багжылар муниципалитетинин мэри менен кезигип тараптар ортосунда боордоштук мамилелерин түзүү жана алдыда бирге тыгыз иш алып баруу максатында келишимге кол коюшкан.

Мындан улам бул күндөрү Түркия Республикасынын Истанбул шаарынан атайын делегация Жети-Өгүз районуна иш сапар менен келишти. Алыстан келген боордошторубузду район акими Э.И.Бахавадинов баштаган топ, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылындагы К.Жетимишбаев атындагы “Тарых-Санжыра” музейинин алдынан майрамдык шаң менен тосуп алышты.

Келген меймандар аталган музейдеги экспонаттар менен таанышып чыгып, Барскоон айылындагы Улуу ойчул Махмуд Кашхаринин урматына арналып уюштурулган аллеясы жана алдыда тургузула турган айкелинин эскизи менен таанышышты.

Андан соң Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган майрамдык иш-чарага ортоктош болуп, мында келгендерди Нооруз майрамы менен куттуктады.

Ошону менен бирге Барскоон айылындагы “Жетиген” тойканасында 400 адамга орозо айынын урматына түрк элинен ооз ачыруу (Ифтар) иш-чарасы уюштурулуп өткөрүлдү.

Район акими Э.И.Бахавадинов Ифтар иш-чарамсына келгендерди орозо айы менен куттуктап, Түркия Республикасынан келген делегаттарга өз ыраазычылыгын билдирип, чакан белектерин тапшырды.

Жооп калтыруу