Мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган Ата-Бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоого ар бирибиз аракет кылалы. Ушул жаркын майрамда, баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.
Кыргызстаныбыз тынчтыкта, биримдикте гүлдөп өнүгө берсин! Кыргызстандын Мамлекеттик туусу бийик желбирей берсин! “Мамлекеттик Туу күнү “ менен ак дилибизден куттуктайбыз!




