Акча маселеси менен болгон ар кандай алдамчылыктарды алдын алуу жана коомчулукка маалымат берүү менен кеңири түшүндүрүү боюнча;
Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө;
Өспурумдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Интернеттен акча жасоону көздөгөн шылуундар көбөйгөндүгү о.э. шылуундар элге телефон, электрондук почта, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу кайрылышы мүмкүн. Интернет аркылуу акчасын көбөйтүп берүүнү убада кылган шылуундар тийиштүү каражат котортуп алган соң из жашырып кетишет. Мындан тышкары, учурда төмөнкү пайыз менен насыя берем дегендер да көбөйүүдө. Алдоонун кандай жолу болсо дагы “кызматын” сунуштап жаткан тарап алгач банктык картанын номерин жиберүүнү суранат.
Мындан улам адис мурда иштешип жүргөн адамдар же дүкөндөрдүн расмий өкүлчүлүктөрү гана болбосо, башка учурда эч кимге банктык карта тууралуу маалыматты бербеш керектигин эскертет. Урматтуу айыл тургундары жарандарды интернет шылуундарына алданып калуудан сак болууга чакырабыз!!
Маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасы чыкты.
Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет. Фатвага муфтий Абдулазиз Закиров 20-февралда кол койду.
Ага ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга, жыртыш таратып, кийит кийгизүүгө, эстеликтерди орнотууга тыюу салынды. Элдин канча кылымдардан бери келе жаткан салтка кирип калган каадасы бар. Маркумду узатуу, кыркылык, аш берүү, уул үйлөп, кыз берүү, уулга бата алуу деген салт. Ал эми андагы чыгымдар бул – каада. Каада мезгилге шайкеш болуп, өзгөрө берет. “Аш көп болсо каада көп” дегендей, элдин колунда аш көп болсо, түштөндүрүү, кол чайкатуу, эскерүү, эстелик коюу деген сыяктуу каада көбөйө берет. Эгер элдин колунда аш жок болсо, маркумду бир улак союп узатып, бир казан жарма кайнатып, той берип коё бериши мүмкүн. Демек, каада деле мезгилге жараша, келип кайра кете берет. Мунун баарын тыйып, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербейли!
Бүгүнкү күндө жашы жете электердин кылмыштуулук маселеси эң татаал жана талаштуу маселелердин бири болуп саналат. Ар бир өспүрүм өзү жасаган мыйзамсыз аракеттердин кесепеттерин, жоопкерчилик чараларын биле бербейт.
Балдар дайыма чоңдордун көзөмөлүндө болушу керектигин, ишенимдүү мамилелерди куруу керектигин, баланын жашоосуна катышуу жана аны жүрүм-турум жана баарлашуу нормалары менен тааныштыруу, өзгөчө өспүрүм куракта маанилүү экенин ата-энелер унутпашы керек. Мугалим мектептен билим берет, ал эми ата-эне тарбия берет. Жаш өспүрүмдөрдүн жүрүм-турумундагы терс көрүнүштөрдү өз убагында байкоо, туура уюштурулган таасир көрсөтүү чаралары укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууда маанилүү роль ойнойт.
Урматтуу ата-энелер, балдардын бактылуу келечеги жана бакубат жашоосу сиздердин кунт коюп, жоопкерчиликтүү мамилеңиздерден көз каранды!


