You are currently viewing Улуу Жеңиш майрамынын 80 жылдык мааракесинин урматына майрамдык иш-чара

Улуу Жеңиш майрамынын 80 жылдык мааракесинин урматына майрамдык иш-чара

9-майда Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Улуу Жеңиш майрамынын 80 жылдык мааракесинин урматына майрамдык иш-чара уюштурулуп жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Айыл аймактагы мекеме- ишканалардын жалпы жамааты менен биргеликте парад болуп өттү.
Иш-чара 1941- 1945- жылдарда кан майданда жана согуштан кайтып келип курман болгон аталарыбыздын жаркын элесине арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, курман болгондорго куран окулду. Андан соң жергиликтүү кеңештин торагасы Ажыбеков Чыныбек Абдраевич, айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбаев Алгабас Токтобекович, карыялар кеңешинин төрагасы С . Курманбеков болуп иш-чаранын расмий бөлүгүн ачып, өз каалоо-тилектерин айтып өтүштү.

Жооп калтыруу