РАЙОНДО ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛЫП, ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ.
Бүгүн, Жети-Өгүз районундук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.И.Бахавадиновдун тапшырмасына ылайык район аймагында жыл жыйынтыгы чыгарылып 20 номинация боюнча жыл мыктылары аныкталып, район акими тарабынан атайын сыйлыктар тапшырылды.
Аталган майрамдык иш-чарага Жети-Өгүз районундагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары жана айыл өкмөттөрүнүн аппарат кызматкерлери, район активи катышышты.
Иш-чарада район акими Э.И.Бахавадиновдун иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, каалоо-тилектерин жолдоп, өтүп бара жаткан 2024-жыл Жети-Өгүз району үчүн абдан жакшы жылдардан болгондугун баса белгилеп, бардык тармактарда жемиштүү жана жеңиштүү болгондугун айтып өттү.
Майрамдык иш-чараны утурлай, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иш-чаранын катышуучуларына концерттик программа тартууланды.


