Муниципалдык ишканалар жана алардын тарифтери
Бул баракта Барскоон айыл аймагына караштуу муниципалдык ишканалардын кыскача маалыматы жана бекитилген тарифтери көрсөтүлдү.
«Бапа Желдең жайыты» муниципалдык ишканасы
Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарынын жайыттарын башкаруу жана калкты жайыт менен камсыздоо боюнча муниципалдык ишкана.
Ишмердүүлүгүн баштаган датасы: 1-апрель 2025-ж.
Кызматкерлердин саны: 6 кызматкер.
Жайыт аянты: 56 000 гектар.
Жетекчиси: Жорупбеков Таалай Асангазиевич.
| Жайытты пайдалануу түрү | Тариф (сом) | Эсеп бирдиги |
|---|---|---|
| Бодо мал үчүн жайыт акысы | 25 | 1 башына |
| Кой (майда жандык) үчүн жайыт акысы | 5 | 1 башына |
Жайыт пайдалануу үчүн тарифтер айыл аймагынын чечимдерине ылайык бекитилген.
«Суу-омур булагы» муниципалдык ишканасы
Тосор, Тамга жана Барскоон айылдарын ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыздоону жүзөгө ашыруучу муниципалдык ишкана.
Ишмердүүлүгүн баштаган датасы: 1-апрель 2025-ж.
Кызматкерлердин саны: 27 кызматкер.
Камсыздалуучу айылдар: Тосор, Тамга, Барскоон айылдары (ичүүчү жана сугат суу).
Суу кампалары (резервуарлар): жалпысынан 7 даана: Тосор айылында – 300 м³ жана 50 м³; Тамгада – 500 м³ жана 750 м³ (эски); Барскоондо – 80 м³ көлөмүндөгү 2 эски жана 50 м³ жаңы резервуар.
| Айыл | Абоненттер | Тариф (сом) | Эсептөө бирдиги |
|---|---|---|---|
| Тосор | 1 500 абонент | 50 | бир абонентке (ичүүчү суу) |
| Тамга | 350 эсептегич, 600 «душ» абонент | 33,29 (эсептегич), 20 (душ) | 1 м³ же белгиленген нормага жараша |
| Барскоон | 5 000 абонент | 20 | бир абонентке (ичүүчү суу) |
Ичүүчү суу боюнча тарифтер айыл аймагынын тарифтик чечимдерине ылайык алынган (эсептегичи бар жана «душевой» абоненттер үчүн өзүнчө ставка каралган).
| Айыл | Сугат аянты (га) | Тариф (сом) | Эсеп бирдиги |
|---|---|---|---|
| Тосор | 600 га | 1 000 | 1 га сугат аянтына |
| Тамга | 913 га | 1 000 | 1 га сугат аянтына |
| Барскоон | 1 560 га | 1 000 | 1 га сугат аянтына |
Сугат суу үчүн тарифтер гектар менен эсептелип, сугат аянтынын өлчөмүнө жараша алынат.
Эскертүү: тарифтер жана сандар Барскоон айыл аймагынын муниципалдык ишканаларынын расмий аннотацияларына жана ички чечимдерине ылайык берилген.