Кулактандыруу
Барскоон айыл өкмөтү Тосор айылынын жерди колдонуу картасынын №576, 579, 643, 545-контурларында жайгашкан жалпы 15,0 га Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин 5 жылдык мөөнөттө ижарага берүү үчүн сынак жарыялайт. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: конкурстун башчысынын атына конкурска катышуу үчүн арыз, ишкердин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү жана идентификациялык номери, ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү тууралуу тастыктоочу документ, акыркы үч жылдагы салык төлөгөндүгү тууралуу маалымдама, сунуш кылып жаткан жер участогу боюнча долбоор жана пайдалануу максаты, жерге болгон укук белгилөөчү документтер, ижарага берүү тууралуу сунуштары. Республикасынын мыйзамына ылайык жер салыгын төлөө тууралуу кеңири жаз же милдеттеме, жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча кол койулган жеке сунуштары, юридикалык жактар сунуштаган документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын тамгасын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча берет. Барскоон айыл өкмөтү Тосор айылынын сейил-бактык пляж аймагынын сырттагы жерди колдонуу картасынын №103-контурунда жайгашкан жалпы 0,70 га жер аянтын туристтик багытта э алу үчүн пайдалануу багытында жер тилкесин ижарага берүү үчүн сынак жарыялайт. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жазылган арыз, жеке жактын документтери, паспорттун документтеринин нотариалдык көчүрмөсү, мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, конкурстук сунуштарды кабыл алуу боюнча документтер (ишмердүүлүк багыты).
Барскоон айыл өкмөтү Тосор айылынын жерди колдонуу картасынын №616-контурунда жайгашкан жалпы 5,0 га жайыт участогун айыл чарба багытындагы жер тилкесин айыл чарба өндүрүшү багытында ижарага берүү үчүн сынак жарыялайт. Барскоон айыл өкмөтү Тосор айылынын жерди колдонуу картасынын №61-контурунда жайгашкан жалпы 7,76 га жер тилкесин айыл чарба өндүрүшү багытында ижарага берүү үчүн сынак жарыялайт