You are currently viewing КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖӨНҮНДӨ АЙРЫМ МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖӨНҮНДӨ АЙРЫМ МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ ЖӨНҮНДӨ АЙРЫМ МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

Бүгүн, 13-январда Жети-Өгүз райондук Б.Ибраев атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жети-Өгүз районундук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын жобосундагы тиешелүү беренелер боюнча түшүндүрүү жыйны болуп өттү.

Аталган жыйынга Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Ж.К.Бектемирова аппарат жетекчиси Т.Т.Тукашев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана тиешелүү кызмат адамдары катышышты.

Жыйында “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө” маалыматтар айтылып, жыйындын катышуучулары тарабынан тиешелүү орган кызматкерлерине суроолор берилип жоопторун ала алышты. Ошону менен бирге бир катар сунуштар айтылып, алардын чечүү жолдору жөнүндө да түшүндүрмөлор берилди.

Ал эми кабыл алынган мыйзам менен КРнын Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилгендиги да айтылды.

– 63-берене 21-бөлүк менен толукталып, анда көрсөтүлгөн Кодекстин 336-343-статьяларында, 344-статьясынын 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 345-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 346-348-статьяларында каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө же белгилүү иш менен алектенүүгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган;

– 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүнөн, жогоруда аталган кодекстин 337-346-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазалардын ичинен айыптарды белгилөө алып салынган;

– 79-берене 11-бөлүк менен толукталып, анда ушул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.

Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизилүүдө, атап айтканда:

– соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, же болбосо аларга карата коррупциялык кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган учурда коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарды мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алуудан баш тартуу;

– коррупциялык кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылган адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу каралгандыгы да баса белгиленди.

Жооп калтыруу