14-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтү бул абройлуу сынакта экинчи орунду ээлеп, жеңүүчү аталып, акчалай сертификат менен сыйланды! Бул жетишкендик жергиликтүү кенешинин, айыл өкмөтүнүн жигердүү ишмердүүлүгүнүн жана жергиликтүү эл менен биргеликте жасалган эмгектин жыйынтыгы десек жаңылышпайбыз.





